Дары-дармек департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Жетекчи буга чейин Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинде алдыңкы адис болуп эмгектенген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Нурдин Кагаздиев Дары-дармек жана медициналык каражат департаментине жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Кагаздиев жогорку билимдүү. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. 36 жашта. Буга чейин Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинде алдыңкы адис болуп эмгектенген.