Тажикстан Афганистандын жаңы бийлигин тааныбай турганын айтты

Афганистанга коңшу мамлекеттердин министрлеринин жыйынына Кытай, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Пакистан жана Ирандын тышкы иштер министрлери катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Тажикстан бийлиги Афганистандын жаңы өкмөтүн тааныгысы келбейт. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин Афганистанга коңшу мамлекеттердин министрлеринин Тегеран шаарындагы жыйынында айтты.
Министрге шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттигинин жазганына караганда, жаңы бийлик Кабулду күч менен басып алып, өз элинин жана этникалык топтордун пикирин эске албастан өкмөттү ээлеп алды.
"Этникалык тажиктер афган элинин 46 пайызын түзгөндүктөн өкмөттөн орун алышы керек болчу", — деди Мухриддин.
Афганистанга коңшу мамлекеттердин министрлеринин жыйынына Кытайдын, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Пакистандын жана Ирандын тышкы иштер министрлери катышкан.
Балдар көчөдө өлүп жатат. Кышында Афганистанда ачарчылык болору божомолдонууда
Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен афган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Сентябрь айынын соңунда КРдин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып, "Талибан"* өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан. Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Афганистан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган.
Афган бийлиги менен Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жарыялаган.
Кийин G20 мамлекеттери кезектеги жыйынында кааласа да, каалабаса да талибдер менен иштешип, ал тургай гуманитардык жардам берүүгө мажбур экенин билдиришкен.
Ал эми 20-октябрда Россиянын борборуна талибдердин делегациясы барып, Афганистан боюнча сүйлөшүүлөр "Москва форматы" боюнча жүргүзүлдү. Иш-чарага 10 мамлекеттин делегаттары катышты.
* — Кыргызстан жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм