Манас Ниязов баштаган 23 көк бөрүчү эл аралык даражадагы спортчу болушту

Эл аралык деңгээлдеги спорттук наам 23 улакчыга берилди. Алардын баары I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү болушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Үч жолу өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү болгон көк бөрүчүлөргө Кыргызстандын эл аралык даражадагы спорт чебери наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Жалпысынан 23 балбан билек улакчы наамга татыган.
"Кыргызстандын Бирдиктүү спорттук классификациясынын талаптары менен чегин аткаргандыгынын негизинде көк бөрү боюнча "Кыргыз Республикасынын Эл аралык класстагы спорт чебери" деген наамы менен I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү сыйланат", — деп айтылат билдирүүдө.
Тизме:
Наам Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 144-Н буйругу менен ыйгарылды.