Кыргызстан 60тан ашык өлкө кирген эл аралык уюмга төрагалык кылат

ЖКЭУ — жарандык коргонуу жаатындагы чет мамлекеттер менен аймактык жана глобалдык деңгээлде кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө, табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу тармагына инвестицияларды тартууга салымын кошкон эл аралык уюм.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстан Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун аткаруу кеңешине (ЖКЭУ) төрагалык кылат. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Маалыматка караганда, Женевада (Швейцария) ЖКЭУнун Аткаруу кеңешинин 54-сессиясы болуп, анда Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев аталган уюмдун Аткаруу кеңешинин төрагалыгына дайындалды.
“Дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсү кирген Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна төрагалык кылуу биздин өлкө үчүн чоң сыймык. Анткени дал ушул орган жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында орчундуу чечимдерди кабыл алат”, — деди Ажикеев.