БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министринин М.И. аттуу азыркы жана И.А.С. аттуу мурдагы орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоодо бир нече жыл бою атайылап тоскоолдуктарды жаратып, өз ара сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталган. Алардын мындай жол менен материалдык пайда көргөнү айтылат.
"Тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн мыйзамсыз фактыларга айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министринин азыркы жана мурдагы орун басарларынын тиешеси бар экендиги боюнча төгүндөлгүс далилдер алынган", — деп билдирди УКМК.
Министрликтин жетекчи кызматкерлери кечээ, 26-октябрда, кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Атайын кызмат коррупциялык схеманы түзүүгө катышкан бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ишин улантып жатканын белгиледи.