Гинцбург: "Спутник V" дельта-штаммдын бардык түрүнө туруштук берерин көрсөттү

Буга чейин Улуу Британиянын Саламаттык сактоо агенттиги коронавирустун AY.4.2 варианты "дельтага" салыштырмалуу бир нече эсе жугуштуу экенин айтып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. "Спутник V" вакцинасы коронавирустун бардык түрүнөн, ал тургай "дельта" штаммынын AY.4.2. деп аталган түрүнөн да коргой алат. Бул тууралуу Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбург билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.
"Спутник V" вакцинасы коронавирустун бардык түрүнө майнаптуу экенин көрсөттү", — деген ал.
Буга чейин Улуу Британиянын Саламаттык сактоо агенттиги коронавирустун AY.4.2 варианты "дельтага" салыштырмалуу бир нече эсе жугуштуу экенин айтып чыккан. Бирок Роспотребнадзор "дельтанын" жаңы түрү тууралуу маалыматтар тактала электигин билдирип, анын AY.4.2 деп аталган жаңы вариантын жугуштуу деп айтууга эрте экенин белгилеген.