Радио

Бекматов: бир мандаттуу округдан талапкерлердин дебаты облустук теледе өтөт

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов саясий партияларга бир сааттан кем эмес убакыт эфир бөлүнүп, анын жарымы жамааттык чыгууларды камтый турганын белгиледи.
Sputnik
Бир мандаттуу округдан катталган талапкерлердин дебаттары облустук ЖМКларга берилет. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, талапкерлердин 20:00дөн 00:00гө чейинки убакытта эфирге чыгуусу каралган.
"Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мезгилинде саясий партияларга мамлекеттик ЖМКлардан бир сааттан кем эмес акысыз эфирдик убакыт кепилденген. Учурда бул боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эфирдин убактысы бөлүштүрүлүүдө. Партиялар бөлүнгөн эфирдик убакыттын жарымынан кем эмесин жамааттык чыгуулар, дебаттар же тегерек столдор менен камтышы керек. Бул саясий партиялар үчүн талаптар. Ал эми бир мандаттуу округдан катталган талапкерлер үчүн аймактык медиаборборлордон аянтча берилет. Анткени бир аймактын көйгөй, маселелери башка регион менен окшошпойт", — деди Бекматов.
Ошондой эле ал кепилденген убакыт жумуш күндөрүнө туура келе турганын кошумчалады.