Парламент Салык кодексинин жаңы редакциясын биринчи окууда жактырды

Документте Google жана башка ушул сыяктуу чет өлкөлүк компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кошумча нарк салыгын киргизүү сунушталган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун биринчи окууда жактырды.
Салык боюнча жаңы документти биринчи окуудан өткөрүүгө 80 депутат макулдук берип, каршы чыккандар болгон жок.
Акылбек Жапаров Кыргызстандагы бай менен кедейлердин санын айтты
Жыйында экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев баяндама жасап, мыйзам долбоору салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга айкалыштырууга, салыктык жол-жоболорду санариптештирүүгө, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарт түзүүгө жана көмүскө экономиканы кыскартууга багытталганын белгиледи.
Муну менен катар Google жана башка ушул сыяктуу чет өлкөлүк компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кошумча нарк салыгын киргизүү сунушталууда. Ал эми тигүү, зергерчилик, авиациялык, электробус тармактарында салыктык жеңилдиктер каралган.