БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина сатып алып, жеткирип берүү үчүн 1,2 миллион доллар бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.
"Спутник Лайт" вакцинасынын 200 миң дозасын сатып алуу үчүн 1,2 миллион доллар бөлүнөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, гуманитардык жардам Россиянын ӨКМи аркылуу берилет.
Эске салсак, Россия буга чейин да жардам иретинде Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасын берген.