Россия 2030-жылга чейин мигранттарды тартуу үчүн кандай аракет көрөрүн айтты

COVID-19 пандемиясы күч алып кетпесе, Россия алдыдагы он жылдын ичинде мигранттарды тартуу үчүн жакшы шарттарды түүзүп берерин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия өкмөтү 2030-жылга чейин өлкөдө мигранттардын саны өсүп, улуттук программалардын туруктуу ишке ашышына шарт түзүлөт деп үмүт артууда. Маалымат РФтин Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин сайтына жарыяланды.
Документте айтылгандай, Россия келечекте коомго бат аралашып кете турган чет элдик адистерди тартуу жолу менен мигранттардын санын жогорулатууну көздөп жатат.
"Ал үчүн Россия өзү кам көрөт. Мисалы, чет элдиктердин Россияда билим алышына шарттар түзүлөт. Социалдык-маданий жактан бат көнүп кетүү үчүн аракеттер көрүлөт. Ошондой эле жаш жана таланттуу кадрларды тартуу үчүн аларга ыңгайлуу шарттар каралат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, мигранттар көп келчү өлкөлөрдө орус тилин өнүктүрүү боюнча программалар ишке ашары кошумчаланды.