Путин менен Жонсон Афганистандагы абалды талкуулады: НАТОнун уяты ойгондубу?

"Америкалык кыялдын" кыйрашынын ачык мисалы болгон Афганистан коопсуздуктун болжоп болгус коркунучтары менен Батышты чочулатып келет. Лондон маңызында планетадагы согуштук аракеттер жүргөн аймактардын көзөмөлүн колдон чыгарган Вашингтондун бушаймандыгын чагылдыргандай.
Sputnik
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана Улуу Британия премьер-министри Борис Жонсон 25-октябрда Афганистандагы абалды талкуулашты. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул талкуунун жана көйгөйлүү бул республиканын учурдагы жагдайына баам салган.
Путин "москвалык форматтагы" талибдер менен жакындагы эле консультациялар (Россия, Кытай, Пакистан, Иран, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн) жөнүндө кабарлады. Ал эми Жонсон "Талибандын"* болжолдуу таанылышы боюнча санааркаганын жашырган жок. Дал ушул баарлашууда 20 жылдык аскердик операциялардан кийин жеңилгенин моюнга алгысы келбеген Кошмо Штаттардын кызыкчылыгы бар экени ачык байкалып турду.
Афганистандын суверенитетин эч шартсыз сыйлаган күндө да анын жаңы өкмөтүнүн эл аралык таанылышына дагы эртелик кылат. Андан мурун Владимир Путин "Талибанды"* террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу Бириккен Улуттар Уюмдарынын деңгээлинде чечилиши кажет, бул үчүн талибдер "өлкөдөгү этникалык жана диний топтор, саясий жана коомдук уюмдардын бардыгы менен өз ара мамиле түзүүгө тийиш" экенин белгилеген. Тилекке каршы, Афганистан сексендин тегерегиндеги улут жана элдин тынчтыгын камсыздоого чамасы жетпей, террорчулуктан да кутула элек. Убактылуу өкмөт "Ислам мамлекети"* тарабынан жаңырып турган экономикалык чакырык жана коопсуздук коркунучтарына туруштук бере албай жатат.
Москва талибдерден афган элине либералдуу мамиле күтөрүн айтты
24-октябрда Тажикстандын коргоо министри генерал-полковник Шерали Мирзо соңку айлардагы окуялар Афганистандагы аскердик-саясий жагдайды бүлгүнгө учуратып, аргасыз абалга кептегенин билдирди. Эң кейиштүүсү, анын бул айткандары чындык.
Афганистан иш жүзүндө талибдер тескеген жана башка террордук топтор, ошондой эле кенже Масуддун жетекчилигиндеги Каршылык көрсөтүү фронту көзөмөлдөгөн аймактарга бөлүнүп калды. Аталган өлкөдөн согушкерлердин Борбор Азия мамлекеттерин басып кирүү коркунучу дале күч. Жамааттык коопсуздук келишими уюму Афганистан менен чектешкен Тажикстан жана Өзбекстандын территориясында алты мамлекеттин аскерлеринин катышуусундагы атайын машыгууларды тегин жерден өткөрүп жаткан жок.

Коопсуздук алкагы

"Москва форматындагы" жолугушууда талибдер Афганистандын бардык аймагын көзөмөлдөп жатканын айтышкан. Анткен менен чет өлкөлүк өнөктөштөрүн жана контрагенттерди жаңы бийликтин башкарууга жарамдуулугу жана натыйжалуу экенине ишендирүү аракети анчалык ынандырарлык эмес. Талибдер өлкөнүн жай жарандарынын коопсуздугун камсыздай албай, ал түгүл өздөрүн да коргой албай жатышат. Ар кайсы провинцияларда чек араларды тааныгысы жок "Ислам мамлекетинин"* отряддары уюштурган терактылар, ок атышуулардын токтой турган түрү жок.
Куралчан талибдер 26-октябрда Кабулдагы авиакассанын тегерегиндеги топтошкон элди ок атып таратты, жарадар болгондор жок эмес. Айрыкча аялдар көп жабыркады, бул тууралуу кепке дагы кайрылабыз.
Өткөн аптада Ислам мамлекети* уюмунун согушкерлери Желалабадда талибдердин автомобилдерине чабуул жасашты. Кабул жана башка провинцияларды жарыксыз калтыруу үчүн электр өткөргүч чубалгыларын жардырышты. Бийликти кулатуу үчүн террордун ушундай ыкмасына кезегинде талибдер өздөрү да барышканы маалым.
"Вилаят Хорасан"* да бийлик жана таасир үчүн күрөшүүгө даяр. Өткөн жекшембиде Гераттагы талибдер менен ИМ* согушкерлеринин ортосундагы атышууда 17 киши окко учуп, арасында аялдар жана жаш балдар да набыт болду.
Талибан* жардам алууну кааласа көмөк көрсөтүшү керек. Россиянын позициясы
Баса, ошол күнү ИМ* кара желеги Урузган провинциясында көтөрүлдү. Жергиликтүү калкка 30 миң афгани (340 доллар, бул сумма аталган өлкөдө учурда бир топ акча) сунуштап, аталган уюмга кирүүгө үндөштү. Afghanistan.ru маалымат ресурсуна таянсак, Гератта "Ислам мамлекетине"* Абдул Манан Ниязи молдону жактаган талибдердин жоон тобу кошулуп кетти.
Өлкөдөгү абал бардык жактан начарлоодо. Ал тургай сабырдуу деп сыпатталган Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Дохада 25-октябрда өткөн жолугушууда талибдерди ачык башкарууга, аялдар жана балдардын мыйзамдуу укуктарын коргоого, этникалык топтордун бардыгынын башын бириктирүүгө чакырды. Кулак сыртынан кетиришкендей талибдер эртеси эле күнү Кабулдагы аялдардын нааразычылык акциясын кууп таратты.
"Талибандын"* расмий өкүлү Забихулла Мужахидо: "Аялдар шарият алкагында жашашат", - деп так кесе сүйлөгөнү бар. Шарияттын укук өңүтү Афганистандын 40 миллиондук калкынын ишеним жана тандоосуна татыбаган молдолордун бир ууч тобунун колунда.
Коңшу мамлекеттеги кыйсыпыр түшкөн кырдаалдан улам тажик парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Махмадтоир Зокирзода ЖККУдагы өнөктөштөрүн коопсуздуктун бекем алкагын түзүүгө үндөгөн. Бул демилгеге жооп катары Россия дароо аталган республикадагы өзүнүн аскердик базасын заманга бапташтырылган 30 даана Т-72Б3М танкы менен бекемдеген.
Андан мурун "москвалык форматтагы" талкууну болжолдуу кеңейтүү үчүн базанын Мотоаткычтар бөлүгү заманбап БМП-2, жаңы үлгүдөгү "Верба" зениттик ракеталар комплексине, ошондой эле абдан ыраакка багытталган реактивдүү огнемёттор, танкка каршы "Корнет" ракеталык комплекстерине, 12,7 мм калибрдеги узакка ылайыкталган "Корд" АСВК-М снайпердик винтовкаларына, АК-12 автоматтарына жана башка куралдарга ээ болгон.

Пакистандагы АКШ авиабазасы

Кошмо Штаттар жана НАТО өлкөлөрү 20 жыл согушкан Афганистандын келечегине өз жоопкерчилигин мурдагыдай эле аңдаша элек. Жеңилип жана америкалык күчтөрдүн чыгарылышына карабастан Вашингтон афган чек араларына жакын "кошумча аэродромду" жайгаштыруу жөнүндө чөлкөмдөгү оюнчулар менен сүйлөшүүгө тырышканын коё элек. Борбор Азия өлкөлөрү андай сунушту кабыл албай турганын болушунча так кесе билдиришкен, анткен менен Пакистанда Америка Кошмо Штаттарынын Аскердик-аба күчтөрүнүн базасы пайда болушу ажеп эмес.
Болгондо да Исламабад талибдер менен кызматташуунун "бейрасмий каналдарын" колго алып койгон. Аталган мамлекет менен Кошмо Штаттар Афганистанда АКШнын ААК аскердик жана чалгындоо операциялары үчүн Пакистандын аба мейкиндигин пайдалануу жөнүндөгү макулдашуусуна кол коюуга чукулдап калышты. Ошентип Вашингтон жеңилүү ызасын басаңдатып, ал эми Исламабад террорчулукка каршы күрөштө жана Индия менен алака түзүүдө америкалык жардам алмакчы.
Россия: Афганистандын жаңы бийлиги элдин жашоосун жакшыртууга аракет кылууда
Эгер америкалык аскердик авиация Афганистандын аймагын катуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, 20 жылдык тарых кайра кайталанары шексиз. Бул жай жарандарга жаңы бүлгүндү салып, чектешкен Борбор Азия мамлекеттерине качкындардын жаңы агымын жаратары турулуу иш.
Бул көйгөйдү даана түшүндүрүү үчүн көрсөткүчтөргө бир үңүлүп көрөлү. Америкалыктар Афганистандан 124 миң чакты кишини көчүрдү, Түндүк Америкадагы Пентагондун базаларында эле ушул тапта 53 миңден ашуун афгандык жаран баш калкалоодо. Афганистандагы абал дагы ырбай бере турган болсо, миллиондогон адам качкынга айланат.
Афганистан ислам республикасынын жаңы бийлигинин өкүлдөрү жакында эле Улуттук каршылык көрсөтүүнүн жогорку кеңешин түзүү туурасында жар салышты. Кеңеш жарандарды "ички өзүм билемдикке, чет өлкөлүк агрессия жана оккупацияга каршы оор жана узак сүрө турган күрөшкө" даяр турууга чакырды. Демек, Афганистандын аймагында "баары баарына каршы согуш" дагы бир топко созулары айкын болуп калды.
* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жалыңыздар.