Кыздар кара далы болбойбу? Жапаров мугалимдердин маянасы качан көбөйөрүн айтты

Жапаров буга чейин мугалимдердин маянасы тууралуу Финляндиядагы сурамжылоонун жыйынтыгын мисал келтиргенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев министрлер кабинетинен мугалимдердин маянасы качан көбөйтүлөрүн сурады.
"Акылбек Үсөнбекович, өткөндө мугалимдердин айлыгын көтөрүп, кыздарды "мен мугалимге турмушка чыгам" дегендей кылып кызыктырарыңызды айткансыз. Эми алар кара далы болуп кетпеши үчүн 2022-жылы мугалимдердин маянасын эки эсе жогорулатканга мүмкүнчүлүк барбы?" — деп сурады.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров кийинки жылдын 1-апрелинен тарта мугалим, дарыгер жана маданий, илимий кызматкерлердин маянасы көтөрүлөрүн айтты. Биринчи кварталдагы кирешенин жыйынтыгына карап маяна 50 пайызга же 100 пайызга жогорулайт.
Акылбек Жапаров Кыргызстандагы бай менен кедейлердин санын айтты
Жапаров буга чейин мугалимдердин маянасы тууралуу Финляндиянын мисалын келтиргенин кошумчалады.
"Ал жакта жыл сайын сурамжылоо жүргүзгөндө кыздар биринчи мугалимге, экинчи архитекторго турмушка чыгарын айтышкан. Бирок менин ошого жеткирүү үмүтүм бар. Балким, биз дагы кийин ушундай сурамжылоо жүргүзөбүз", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Белгилей кетсек, Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалып жатканда маянаны көтөрүп, "кимге турмушка чыгасың?" десе "мугалимге" деген деңгээлге чейин чыгаруу планы бар экенин билдирген.