Эч кимде мынча акча болгон эмес! Маск Forbes тарыхында эң бай адам болуп калды

Буга чейин деле Илон Маск Forbes рейтингинде алдыңкы орундарга чыгып жүргөн, бирок анда көпкө кармалчу эмес. Бул ирет ал рекорд койду.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. АКШлык ишкер, SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын байлыгы 25-октябрь күнү 270 миллиард долларга жетип, Forbes рейтингинин тарыхында алгачкы жолу эң жогорку сумма болуп калды. Маалыматты РИА Новости жазды.
Буга аптанын башында Tesla компаниясынын акцияларынын кымбаттап кетиши шарт түзгөн. Ал эми акциялардын баасынын көтөрүлүшүнө Hertz компаниясынын Tesla ишканасынан 100 миң электромобиль сатып алышы себеп болду. Hertz Чикагодо негизделип, 100 жылдан бери иштеп келе жаткан компания. Ал негизинен автоунааларды ижарага берүү менен алектенет.
Каныкейдин калыңы канча миң долларды чапчыган, бай Жакып миллиардер беле? Сандар
Forbes журналынын эсеби боюнча, Маск автоунааларды саткандан кийин 41,7 миллиард долларга байыды. Forbes Real-Time системасы ушул тапта анын байлыгы жалпысынан 257,6 миллиардга жеткенин билдирди.
Маалыматка караганда, бул 1982-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин дүйнөдөгү эң бай адам деп Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос эсептелчү. Анын "капчыгында" 212 миллиард доллар бар.