Шайлоого аралашкан. Лейлектин акими кызматтан четтеп, Исфана мэри сөгүш алды

Министрлер кабинетинин төрагасы мындан ары аким же министр бир талапкердин кызыкчылыгына иштесе экинчи жумушка алынбай тургандай берене менен кетерин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Шайлоого аралашканы үчүн Баткен облусундагы Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов жумуштан четтетилди. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Баткен облусундагы Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов
Ал президенттин "добуш сатып алгандар да, сатылгандар дагы жазалант" деген принципиалдуу позициясы бар экенин белгиледи.
"Бүгүн Лейлектин акими шайлоо бүткөнгө чейин жумуштан четтетилди. Исфана мэрине катуу сөгүш жарыяланды. Мындан ары кайсы бир аким же министр талапкерге же партияга үндөй турган болсо, "ишенимди жоготту" деген берене менен экинчи ирет жумушка алынбай тургандай кылып кызматтан алабыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал кырдаалды президент Садыр Жапаров өзү көзөмөлдөп жатканын, эгер укук коргоо органдары жакшы иштеп, мыйзам бузгандарды кармап келсе сый акы берилерин кошумчалады.