Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 250 миң дозасы алып келинди. Сүрөт

Pfizer вакцинасынын дүйнө мамлекеттерине коронавируска каршы вакцинаны адилеттүү таратуу алкагында алып келингени айтылды. Аталган препарат COVAX багыты менен 172 өлкөнүн ичинен Кыргызстанга да берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. – Sputnik. Кыргызстанга Американын Pfizer BioNTech вакцинасынын 250 миң дозасы келип түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлады.
Кыргызстанга Американын Pfizer BioNTech вакцинасынын 250 миң дозасы келип түштү
Дары дүйнө мамлекеттерине коронавируска каршы вакцинаны адилеттүү түрдө таратуу алкагында алып келингени айтылды. Аталган препарат COVAX багыты менен 172 өлкөнүн ичинен Кыргызстанга да берилген.
"Коронавируска каршы биргеликте күрөшүшүбүз керек. АКШ бул вакциналарды Кыргызстан өкмөтүнө эмдөө кампаниясынын алкагында финансылык жардам катары берет. Ар бир жаран коопсуз жана майнаптуу вакцина алуу максатын көздөйбүз", — деген АКШнын ишенимдүү өкүлү Соната Коултер препаратты тапшыруу учурунда.
COVAX демилгеси аркылуу Кыргызстан бүгүнкү күндө Pfizer менен бирге Sinofarm вакцинасынын 111,600 дозасын алганы кабарланды.
Вакцина жана эмдөө боюнча глобалдуу альянс менен бирге ДССУ, CEPI жана ЮНИСЕФ препараттарды сатып алуу жана аны жеткирүү, сактоо боюнча иш алып барууда.
Элчилик: Россия Кыргызстанга вакцина алуу үчүн 1,2 млн. доллар бөлөт
"ЮНИСЕФ жана ДССУ кыргыз өкмөтүнүн COVID-19ду жоюу жана элдин 80 пайызын эмдөөгө жетишүү демилгесин колдойт. COVAX демилгесинин алкагында ЮНИСЕФ препаратты, муздаткычтарды сатып алуу жана эмдөөгө керектүү каражат менен камсыздоо боюнча иш алып барууда. Октябрдын башында Кыргызстанга Pfizer вакцинасын сактоо боюнча төрт атайын муздаткыч алып келинди", — деген аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.
Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөө дүйнө кабылган коронавируска каршы күрөшүүнүн эң майнаптуу жолу экендигин белгилеген.