Кыргызстандын футболчулары Омандын командасынан утулуп калды

Мындан ары Кыргызстандын курамасы Азиянын жаштар кубогуна катышар-катышпасы Индия командасы менен болгон беттештен көз каранды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Азия кубогу 2022 мелдешине тандап алуу турунда Омандын футболчуларына 1:0 эсебинде утулуп калды.
Фуджейра эмирлигинде өткөн мелдеште Кыргызстандын дарбазасына гол акыркы мүнөттөрдө кирип кетти.
Бали! КР футболчулары БАЭ командасын утуп алды. Голдордун видеосу
Эскерте кетсек, Кыргызстан тандоо этабында Е тайпасына Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ), Оман жана Индия командалары менен таймашат.
24-октябрда ата мекендик команда оюндар өтүп жаткан талаа ээси БАЭ командасын 2:1 эсебинде утуп алган.
Жаштар континенталдык биринчилигинин финалдык бөлүгүнө 11 команда — өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана экинчи орунду ээлеген мыкты көрсөткүчү бар төрт команда чыгат.
Азия кубогу Өзбекстанда өтөт.