Чыңгыз Эсенгул уулу маданият министрине орун басар болду

Эсенгул уулу 2016-2020-жылдар аралыгында өкмөттө иштеген. Эми ал министрдин орун басары катары маалыматтык саясатты көзөмөлдөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Чыңгыз Эсенгул уулу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматына дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Аны жамаатка президенттин аппаратынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исанов тааныштырды.
Жаңы дайындалган жетекчи министрдин орун басары катары маалыматтык саясатты көзөмөлдөйт. Буга чейин бул милдетти аркалап келген Ильяз Балташев кызматтан алынган.
Бажы кызматынын бардык жетекчилери алмашты. Жаңы келгендер
Эсенгул уулу 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы болуп эмгектенген. 2017-жылдан тарта өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 2020-жылдын октябрь айындагы окуялардан улам премьер-министр Кубатбек Боронов кызматын тапшыргандан кийин Эсенгул уулу да жумуштан кеткен.
Чыңгыз Эсенгул уулу Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК), Транспорт жана коммуникация, Тышкы иштер министрликтеринин маалымат кызматында иштеп келген.