Радио

Эшенгулов: Чатыр-Көл туюк болгондуктан суусунда минерал көп

Топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Чатыр-Көлдү үстүнөн караганда тигип койгон чатырды элестетерин айтты.
Sputnik
Чатыр-Көл аянты боюнча Кыргызстанда үчүнчү орунда турат. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Жер тааны" рубрикасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Чатыр-Көл Ат-Башы кырка тоолорунун ары жагындагы Ак-Сайда өзүнчө бөлүнүп жаткан туюк көл болуп эсептелет.
"Чатыр-Көл Ысык-Көл сыяктуу бассейн тибине кирген туюк көл болгондуктан, анын суусунда түрдүү минералдар арбын. Анткени ага көптөгөн булактардан суу агып кирет. Деңиз деңгээлинен 3586 метр бийиктикте. Аянты жана суусунун көлөмү жагынан Соң-Көлдөн кичинекей болгону менен минералдуулугу жана деңиз деңгээлинен бийиктиги боюнча андан жогору турат. Чатыр-Көлдү үстүнөн караганда кудум эле тигип койгон чатырдын элесин берет. Ал эми легендада Чатыр-Көл менен Ысык-Көл жер асты аркылуу байланышат деп айтылат. Бир абышка эшегинин чомун Чатыр-Көлдөн жоготуп жиберип, бир нече жылдан соң Ысык-Көлдөн таап алганы сүрөттөлөт. Бирок бул азырынча илимде аныктала элек, — деди Эшенгулов.
Топонимист Чатыр-Көлдө Советтер Союзу учурунда Ленинграддан келген окумуштуулар тарабынан иликтөө жүргүзүлгөндөн башка изилдөө иштери жасалбай калганын кошумчалады.