Бейшембиге карата аба ырайы

28-октябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт.
Талас, Баткен чөлкөмүнүн дыйканчылык аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Таласта +9...+14, Ош, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +10...+15, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +14...+16, Ош калаасында +17...+19 градуска жетет.