БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бүгүн, 27-октябрда, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облустарынын жетекчилери баштаган делегация жолугушту. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Тараптар Баткен районунун Орто-Боз айылы менен Тажикстандын Хожъало айылына чектеш төрт көчө участкасында катталган соңку окуяларды талкуулап, келишпестиктерди алдын алуу боюнча сөз кылышты.
Анын жыйынтыгында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
Жыйындын алкагында эки облустун башчылары эки тараптын күч структураларынын жетекчилерине өз ара сүйлөшүү, макулдашууну тапшырышты.