БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Алмасбек Абытов президенттин, президенттик администрациянын жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү болуп дайындалды.
Бүгүнкү жыйында вице-спикер Аида Касымалиева аны жаңы кызматка бекитилиши менен куттуктады.
Абытов буга чейин министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлү кызматын аркалап келген, эми ал президенттин жана президенттик администрациянын дагы өкүлү катары иштейт.
Ал эми президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматовдун кызматтан алынганы белгилүү болду. Жеке маалымат булактардын билдирүүсү боюнча Калматов президенттик администрациянын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы болуп дайындалат.
Мурдагы катчы Таалайбек Апенов коррупция беренеси менен кармалып, жумуштан алынган.