Япония ханбийкеси Мако жөнөкөй адамга турмушка чыгып, титулунан ажырады

Жубайлар 2018-жылы эле үйлөнүшү керек болчу, бирок күйөө баланын акчасы тартыштыгынан той жылып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Япониялык ханбийке Мако өзүнүн мурдагы курсташы Кей Комуро менен расмий никеге турду. Бул тууралуу "Газета" басылмасы Япониянын NHK телеканалына шилтеме берип жазды.
Отуз жаштагы Мако Япониянын императору Нарухитонун жээни.
Швеция ханбийкеси COVID менен күрөшүү үчүн ооруканага медайым болуп кирди. Сүрөт
Документтерди Токионун Шибуя райондук муниципалитетине жубайлардын атынан императордун сарайынын башкармалыгынын өкүлү берген. Императордун сарайынын үй китебинде ханбийке расмий түрдө күйөөсүнүн фамилиясын алып, монархтык үй-бүлөнүн катарынан чыгарылганы жазылат.
Үлпөт тоюнан кийин кыз жашаган жеринен кеткен. Японияда эреже боюнча императордун үй-бүлөсүндөгү кыздар жөнөкөй адамга турмушка чыкса хандык бийликтен баш тартышы керек.
Мако менен Кейдин бул чечими көп талкууну жараткан. Экөө 2018-жылы эле үйлөнүшү керек болчу, бирок күйөө баланын акчасы тартыштыгынан той жылып кеткен.
Мако салтка айланган 1,35 миллион долларлык нике белегин алуудан да баш тартып, АКШга көчүп кетери күтүлүп жатат.