БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. 27-октябрдан тарта карызы бар 3,7 миңден ашык абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.
Бишкек боюнча абоненттердин карызы 5,7 миллион сомду түзөт. Мындан улам ишкана акчаны өз убагында төлөөгө чакырууда.
Тейлөөнү ыңгайлаштыруу үчүн "Түндүк электр" мобилдик тиркемеси жана ишкананын расмий сайтында "Абоненттин балансы" деген бөлүм ачылган. Ал жерде ар бир кардар өзүнүн эсеп-кысабын текшере алат.
Ошондой эле балансты "Түндүк электрдин" күнү-түнү иштеген 1209 номери аркылуу колл-борборуна чалып тактаса болот. Мындан сырткары, кардар (0551) 00-12-09 WhatsApp номерине билдирүү жазып, жооп ала алат.
Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), Megacom, О!, "Оңой" төлөм терминалдары аркылуу, ошондой эле UMAI, Элсом электрондук капчыктары жана "ДосКредоБанк", "Бакай банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы, "Халык банк", "КICВ банк", "Оптима банк", жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кассаларынан төлөөгө болот.