БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жакында жоюлган Санариптик өнүктүрүү министрлиги кайрадан негизделип, министрлер кабинетинин түзүмүнө кошулду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Садыр Жапаров "Президенттин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 12-октябрда кабыл алынган "КР министрлер кабинетинин түзүмү менен курамы жана президенттин администрациясынын түзүмү жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизилет. Мындай чечим санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Дастан Догоев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Аны кызмат ордуна бекитүүгө макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилет.
Белгилей кетсек, 12-октябрда негизделген министрлер кабинетинин жаңы түзүмүнөн Санариптик өнүктүрүү министрлиги алып салынган. Ага чейин министрликти Дастан Догоев жетектеп турган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул ведомство натыйжа көрсөтө албагандыктан жоюлганын айткан эле.