БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Пиязды көп өлчөмдө жегендик бир катар оорулары бар адамдар үчүн кооптуу. Бул тууралуу РИА Новости диетолог Александр Андреевдин айтканына таянып жазды.
Бул биринчи иретте ашказан ооруларына алып келиши мүмкүн. Ошондой эле гипертониядан жабыркагандар пияздан этият болушу керек.
"Чындыгында пияз ашказандын иштешинин бузулушуна жана зарнага алып келиши мүмкүн. Ошондой эле гипертония менен ооругандарга аны көп колдонууну сунуштабайм, анткени кан басымды жогорулатат", — деди Андреев.
Дарыгер, мындан тышкары, ашказанында жара барларга, панкреатит жана жоон ичегиси сезгенип ооруган адамдарга бул азыкты колдонуу көлөмүн азайтуу жакшы экенин кошумчалады.