Бензиндин баасын ооздуктоо. Монополия менен күрөшкөн агенттиктин чечимдери

25-октябрда күйүүчү май рыногундагы баалардын өсүшүн талкуулоо үчүн жумушчу жыйын өттү. Ага рыноктун негизги ири оюнчулары катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги күйүүчү майга болгон баанын өсүшүн кармап туруу үчүн өз ыйгарым укуктарынын алкагында чара көрүп жатат. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдирди.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын январь-октябрь айларында бензин 70 пайызга, дизель майы 50 пайызга кымбаттаган. Буга Россиядагы мунайды кайра иштеткен заводдордогу дүң баанын жогорулашы себеп болууда.
Учурда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бааны жөнгө салуу үчүн төмөнкүдөй чараларды көрүүдө:
"Нефтетрейдерлер тарабынан "Атаандаштык" жөнүндөгү мыйзам бузулган кезде антимонополдук орган тийиштүү чара көрөт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, 25-октябрда Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаковдун жетектөөсү менен күйүүчү май рыногундагы баалардын өсүшүн талкуулоо үчүн жумушчу жыйын өттү. Ага рыноктун негизги ири оюнчулары катышкан.
Жыйындын жыйынтыгы менен антимонополдук орган төмөнкү чечимдерди кабыл алган:
Эске салсак, буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы чара көрбөсө бензин дагы 9 сомго кымбаттай турганын эскерткен.