Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Баткендин Лейлек районундагы Коросоң кыштагында туулган. Атасы Раззак менен апасы Жамийла Сүлүктүдөгү көмүр кенде иштеген. Кичинекей Исхак үч жашында энесинен ажырап, беш жылдан кийин атасы экөө Ташкенттеги туугандарыныкына жол тартат. Бирок жол азабынан Раззак катуу ооруп көз жумуп, кичинекей бала томолой жетим калган. Исхак алгач Ходжент шаарындагы балдар үйүндө тарбияланып, орус тилин жакшы өздөштүрүп алгандыктан тарбиячылары аны Ташкенттеги интернатка жөнөтүшкөн.
Ал эми согуш жылдары Раззаков Өзбек Республикасынын эл агартуу комиссары, ошол эле мезгилде Өзбек ССРинин Эл комиссарлар советинин төрагасынын орун басарлык кызматын да аткарган. 1944-45-жылдары Өзбекстандын Коммунисттик партиянын борбордук комитетинде пропаганда жана үгүт иштери боюнча секретарь болуп иштеп, 10 жылдык ишмердүүлүгүнүн аркасында өзбектер аны жакшы таанып калган.
Совет өкмөтү 1945-жылы Раззаковду Кыргызстандын Министрлер советинин төрагалык кызматына дайындайт. Согуштан кийинки эл чарбасынын абалы оор жылдарында Раззаков күчүн, билимин республиканын экономикалык өнүгүп-өсүшүнө жумшаган.
1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Компартиясынын биринчи секретары болуп иштегенде Кыргызстандын өнөр жай курулушу, ирригация, энергетика, айыл чарбасында жана социалдык маданий чөйрөсүндө жакшы көрсөткүчтөр болуп, бир топ ишкана, өнөр-жайлар, ГЭСтер, жогорку окуу жайлар, маданият мекемелери ишке кирген.
Раззаков 1961-жылы кызматтан кеткенден кийин үй-бүлөсү менен Москвага көчүп кеткен. Бул чечим өз каалоосу менен болгон эмес. Ал жакта төрт жылдай СССРдин экономикалык кеңешинин тамак-аш бөлүмүнүн башчысы, СССРдин мамлекеттик планынын бөлүм башчысы болуп иштеп, 57 жаш курагында персоналдык пенсияга чыккан.
Жеке жашоосунда жубайы Рауза Ибрагимова экөө Элмира, Эркин, Эмил аттуу уул-кыздарды тарбиялаган. Бүгүнкү күндө кызы Элмиранын гана көзү тирүү. Ал Москвадагы Чыгыш таануу институтунда көп жыл иштеген. Учурда пенсияда, Россияда жашайт.
Эне тилинен тышкары кыргыз, өзбек, тажик, фарс, орус, араб тилдеринде эркин сүйлөгөн коомдук ишмер астма менен ооруп жүрүп, 69 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. 2000-жылы Раззаковдун сөөгү Москвадагы Кунцев мүрзөсүнөн Бишкекке алып келинип, "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө сый-урмат менен көмүлгөн. Ага 2016-жылы мамлекеттик эң жогорку Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.