Кыргызстан — Кытай темир жол ишканаларынын башчылары кызматташууну талкуулады

Делегациянын Бишкек — Кайыңды, Бишкек — Балыкчы участкаларындагы кыргыз темир жолунун объектилеринин иштери менен таанышары айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкекте "Кыргыз темир жолу" менен Кытайдын "Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу" ишканасынын ортосундагы кызматташуу меморандумун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жүрдү. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 3
Бишкекте "Кыргыз темир жолу" менен Кытайдын "Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу" ишканасынын ортосундагы кызматташуу меморандумун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жүрдү
2 / 3
Иш сапардын алкагында делегациянын Бишкек — Кайыңды, Бишкек — Балыкчы участкаларындагы кыргыз темир жолунун объектилери, сунушталган Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече багыты боюнча таанышары айтылды
3 / 3
Андан сырткары, Транспорт жана коммуникация министрлигинде жолугушуу болуп, жогоруда аталган долбоорлор боюнча техникалык документтерди изилдөө иштери боло турганы кабарланды.
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын башкы директору Азамат Сакиев менен Кытайдын "Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу" ЖЧКсынын башчысы, "Кытай эл аралык инженердик тобу" (CОVEС) ишканасынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча аймактык директору, делегация башчысы Дзен Линбо Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун куруу боюнча инфраструктуралык жана башка долбоорлорду талкуулады", — деп айтылган маалыматта.
Кытай бир шарт менен Кыргызстандын карыз төлөө мөөнөтүн узартууга даяр
Иш сапардын алкагында делегациянын Бишкек — Кайыңды, Бишкек — Балыкчы участкаларындагы кыргыз темир жолунун объектилери, сунушталган Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече багыты боюнча таанышары айтылды. Андан сырткары, Транспорт жана коммуникация министрлигинде жолугушуу болуп, жогоруда аталган долбоорлор боюнча техникалык документтерди изилдөө иштери боло турганы кабарланды.
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу максатында Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун куруу боюнча  2021-жылдын сентябрь айында аталган компания менен Кытайдын "Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу" ЖЧКсы ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.