Роспотребнадзор: "дельта" штаммынын жаңы варианты өтө кооптуу деп айтууга эрте

Буга чейин Улуу Британиянын Саламаттык сактоо агенттиги коронавирустун AY.4.2 варианты "дельтага" салыштырмалуу бир нече эсе жугуштуу экенин айтып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Коронавирустун "дельта" штаммынын AY.4.2 деп аталган жаңы варианты өтө жугуштуу экени жана антителого туруштук бере алары жөнүндөгү маалыматтар тактала элек. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесиндеги илдеттерди аныктоо боюнча жаңы ыкмаларды издеген илимий топтун жетекчиси Камиль Хафизовго шилтеме берип РИА Новости жазды.
Буга чейин Улуу Британиянын Саламаттык сактоо агенттиги коронавирустун AY.4.2 варианты "дельтага" салыштырмалуу бир нече эсе жугуштуу экенин айтып чыккан.
"Британиялык окумуштуулар алгачкы иликтөөлөрдөн кийинки жыйынтыктарды айтып жатышат. Бул жерде оорулуунун курагы, эмдөөдөн өткөн-өтпөгөнү сыяктуу маанилүү жагдайлар эске алынган жок. Мындай учурда жыйынтыкты өтө кылдаттык менен чыгаруу керек", — деди Хафизов.
Буга чейин Улуу Британиядагы Сенгер жана Кембридж окуу жайларынын окумуштуулары "дельта" штаммынын 10-15 пайызга көбүрөөк жуккан AY.4.2 варианты чыкканын айтышкан. Россияда вирустун бул варианты азырынча үч кишиден табылды. Ошол эле учурда адис Россияда коронавируска каршы колдонулуп жаткан вакциналардын күчү AY.4.2 вариантына дагы жетерин билдирүүдө.