Бажы кызматынын башчысы Исабеков отставкага кетти

Исабеков Бажы кызматын жарым жылга чукул башкарган. Ага чейин аталган тармактагы ар кыл бөлүмдөрдө эмгектенген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бажы боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Самат Исабеков кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
Азырынча отставканын себеби айтыла элек.
Исабеков Бажы кызматын 2021-жылдын июнь айынан бери жетектеп келе жаткан. Ага чейин аталган тармактагы ар кыл бөлүмдөрдө эмгектенген.