Баткен коогасында курман болгон жоокерлер эскерилди. Сүрөттөр

Бул күнү эл аралык бандалык түзүмдөрдү жок кылууда аскердик милдетин аткаруу учурунда курман болгондор эскерилет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бүгүн, 26-октябрда, Баткен жоокерлеринин эстелигине гүлчамбар коюлду. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
1 / 5
Бүгүн, 26-октябрда, Баткен жоокерлеринин эстелигине гүлчамбар коюлду
2 / 5
Белгилей кетсек, бул күнү 1999-2000-жылдардагы эл аралык бандалык түзүмдөрдү жок кылууда аскердик милдетин аткаруу учурунда курман болгондор эскерилет
3 / 5
Коргоо министри, генерал-майор Бактыбек Бекболотов берген антына бекем туруп, өлкөнүн эгемендиги үчүн өмүрүн берген жоокерлер элдин эсинде түбөлүккө сакталарын белгиледи
4 / 5
Иш-чара Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында митинг-реквием менен уланды
5 / 5
Анда курман болгондор эскерилип, үч жолу залп менен ок атылды.
Белгилей кетсек, бул күнү 1999-2000-жылдардагы эл аралык бандалык түзүмдөрдү жок кылууда аскердик милдетин аткаруу учурунда курман болгондор эскерилет.
Коргоо министри, генерал-майор Бактыбек Бекболотов берген антына бекем туруп, өлкөнүн эгемендиги үчүн өмүрүн берген жоокерлер элдин эсинде түбөлүккө сакталарын белгиледи.
Баткенде өлгөн аскер 1000 сомго бааланганда. Уулунан айрылган энелердин видеосу
Иш-чара Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркында митинг-реквием менен уланды. Анда курман болгондор эскерилип, үч жолу залп менен ок атылды.
Эскерүү иш-чарасына коргоо министри, генерал-майор Бактыбек Бекболотов, Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын, Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башкаруу органдарынын өздүк курамы, Бишкек гарнизонунун аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери, Баткен жоокерлеринин республикалык кеңешинин, Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле Баткен окуясында каза болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары катышты.