Ошто 300 жоокер ант берип, чек араларга бөлүштүрүлдү. Сүрөттөр

Ант берүү аземине эпидемиологиялык кырдаал эске алынып аскер кызматкерлеринин жакындары катышкан жок.
Sputnik
ОШ, 25-окт. — Sputnik. УКМКга караган Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын базасында 2021-жылдын күз айларында аскердик милдет өтөө үчүн чакырылган 300 жоокер салтанаттуу ант берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу Замирбек Бекиев билдирди.
1 / 4
УКМКга караган Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын базасында 2021-жылдын күз айларында аскердик милдет өтөө үчүн чакырылган 300 жоокер салтанаттуу ант берди
2 / 4
Ант берген жоокерлер чек ара отряддарында жалпы аскердик даярдыктан өтүшкөн
3 / 4
Аземден соң Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан чек ара пунктуларына бөлүштүрүлөт
4 / 4
Ант берүү аземине өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал эске алынып, бардык санитардык талаптар сактоо менен аскер кызматкерлеринин жакындары катышкан жок.
Ант берген жоокерлер чек ара отряддарында жалпы аскердик даярдыктан өтүшкөн.
Аземден соң Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан чек ара пунктуларына бөлүштүрүлөт.
"Ата Мекендин алдында өзүңөрдүн милдетиңерди татыктуу аткарып, эгемендүү Кыргызстандын чек арасын талыкпай кайтарасыздар деп терең ишенем. Чек ара аскерлери — бул абройлуу аскердик тармак. Ошондуктан сиздерге өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн коргоо жоопкерчилиги жүктөлдү", — деди Бекиев жоокерлерге кайрылып жатып.
Ант берүү аземине өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал эске алынып, бардык санитардык талаптарды сактоо менен аскер кызматкерлеринин жакындары катышкан жок.