БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргыз өкмөтүнүн республикада "Ишкердик субъектилерди текшерүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" 2018-жылдын 17–декабрындагы токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Мындай чечим азык-түлүктү өндүрүү жана сатуу, сактоо, ташуу менен алектенген объектилерде жугуштуу ооруларды жана массалык уулануулардын алдын алуу, тамак-аш азыктарынын коопсуздугун жана эпизоотиялык туруктуу абалды камсыздоо максатында кабыл алынган.
Учурда тамак-аш азыктарын өндүрүп жана сатып, ташып иштеген объектилерде азык-түлүктүн коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин жана башка ченемдик-укуктук актылардын талаптарынын сакталышын текшерүүгө киргизилген мораторий алынды.
Бишкекте азык-түлүктөн эл массалык түрдө ууланган соңку окуяга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерет.