Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Өзбекстандагы президенттик шайлоодо беш талапкер ат салышып, учурдагы президент Шавкат Мирзиёев алдыга озуп чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаров Мирзиёевди 24-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Өзбекстандын элине тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Мамлекет башчылары, мындан сырткары, күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын келечегин, ошондой эле регионалдык өз ара байланышты талкуулашкан.
Алдын ала чыккан жыйынтык боюнча Шавкат Мирзиёев шайлоодо элдин добушунун 80 пайызына ээ болгон.
Күйөө бала, неберелери. Мирзиёев бүт үй-бүлөсү менен келип добуш берди. Сүрөт
Белгилей кетсек, бул жолку шайлоого өлкөдө расмий түрдө иш алып барган беш партиянын талапкерлери ат салышты.
Өзбекстандын либерал-демократтар партиясы учурдагы президент Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөттү. Ал эми "Миллий тикланиш" партиясынан 46 жаштагы Алишер Кадыров, Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясынан 60 жаштагы Максуда Варисова, "Адолат" партиясынын 62 жаштагы лидери Бахром Абдухалимов, "Экология" партиясынан 46 жаштагы Нарзулло Обломурадов катышты.