БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Испаниялык сүрөтчү Пабло Пикассонун Лас-Вегастагы отелде 20 жыл илинип турган 11 картинасы тоорукта 110 миллион долларга сатылып кетти. Бул туурасында "Российская газета" басылмасы жазды.
Мейманкана ээлери бул атактуу сүрөткердин эмгегинен түшкөн акчага өтө белгилүү эмес художниктердин картиналарын коюп, коллекциясын байытууну көздөгөн. Алардын арасында орто заар өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн, өзгөчө, аял-сүрөтчүлөрдүн колунан жаралган эмгектер болорун айтышты.
"Аукциондун сатып алуучулары 1938-жылы тартылган художниктин сүйүктүүсү Мария-Тереза Вальтердин "Кызылт саргыч баш кийимчен аял" деп аталган сүрөтүнө келгенде жандана түштү. Аны 40,5 миллион долларга сатышты", — деп жазылган маалыматта.
Ал эми эки метрлик "Эркек киши жана бала" деп аталган полотно 24,4 миллион долларга сатылган.
1942-жылы тартылган "Гүлдөр жана жемиштер салынган себеттин натюрморту" деп аталган эмгеги 16,6 миллион долларга кеткен.
Пикассонун картиналарына суроо-талап көп
2021-жылдын май айында Нью-Йорк шаарында болгон Christie"s тооругуна ар кыл художниктердин сүрөттөрү коюлуп, "Терезеде отурган аял" ("Мария-Тереза") анын уюштуруучуларына 90 миллион доллар алып келген. 1932-жылы сүрөтчүнүн музасы Мария-Тереза Вальтер тартылган дагы бир картинанын баасы эки эседен көп жогорулап кеткен.
Пикассонун эң кымбатка кеткен эмгеги "Алжир аялдары" деп аталат. 2015-жылы бул картина 179,4 миллион долларга бааланган.