Министр Ниязбеков Түркиянын ИИМ башчысына тажрыйба бөлүшүүнү сунуштады. Сүрөт

Эки өлкөнүн ИИМ башчылары жолугушуп, кызматташтык маселелерин талкуулашты. Ниязбеков ИИМ тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери Улан Ниязбеков менен Сулайман Сойлу Стамбул шаарында жолукту. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери Улан Ниязбеков менен Сулайман Сойлу Стамбул шаарында жолукту
2 / 2
Ниязбеков эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы кызматташтыктын өсүп жатканын белгилеп, өлкөдө ИИМ тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформа тууралуу маалымат берген.
Ниязбеков эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы кызматташтыктын өсүп жатканын белгилеп, өлкөдө ИИМ тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформа тууралуу маалымат берген.
"Ниязбеков түркиялык кесиптешине Түрк полициясынын укук бузууну алдын алуудагы, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү тажрыйбасын жана заманбап техниканы колдонуудагы жетишкендиктерин Кыргызстандын ички иштер органдарынын кызматкерлерине окутуп-үйрөтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады", — деп жазылган маалыматта.
Өз кезегинде Түркиянын ИИМ башчысы Сулайман Сойлу кылмыштуулук менен күрөшүүдө министрликтердин ортосундагы кызматташтыктын жана карым-катнаштын маанилүүлүгүн белгилеген.
Ошондой эле эки өлкөнүн ведомстволор ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюу процессин тездетүүгө даярдыгын билдиргени айтылды.