Шаардык кеңеш шайлаган Нарындын мэрин БШК кызматтан алып койду. Себеби

Жаңы мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу шаардык кеңеште өткөн шайлоонун жыйынтыгын БШК тааныган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын шаарынын мэри тандалган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу БШКдан билдирди.
Белгилей кетсек, 22-октябрда Нарын шаардык кеңешинин депутаттары Арслан Сталбек уулун калаа мэри кылып шайлаган.
Жергиликтүү бийлик акимдин көзүн карап калат. Чуулуу мыйзамдын чоо-жайы
БШК ошол эле күнү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганын билдирди. Буга "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамы күчүнө киргени себеп болгону белгиленет.
Аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров 21-октябрда кол койгон. Ага ылайык, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын мэри президент тарабынан дайындалат.