БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Мектептерде окуучулар үчүн сергек жашоо образын калыптандыруу үчүн класстык сааттарды өткөрүү милдеттендирилди. Маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына чыкты.
Аны өткөрүү тартиби боюнча нускама-усулдук кат даярдалган.
Ошондой эле видеосабактар "Санарип сабак" билим берүү YouTube каналына кыргыз жана орус тилдеринде жайгаштырылган. Ал ЮНЕСКОнун Билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар боюнча институтунун көмөгү менен ишке ашып жатканы белгиленди.
"Сабактар 6-7 жана 8-11-класстардын окуучуларына арналган. Анда сергек жана коопсуз жашоо образын калыптандыруу үчүн зарыл болгон негизги темалар түшүндүрүлөт. Айрым сабактарда жетилүү жана өткөөл куракка, аба аркылуу жугуучу инфекциялардын, анын ичинде COVID-19 жана башка ооруларды алдын алуу маселелери каралат. Аны менен катар мамиле, достук, үй-бүлө куруу, ала качууга жол бербөө тууралуу да айтылат", — деп жазылган маалыматта.
Видеосабактарда татаал нерселер жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен баяндалат. Насыят айтпастан, кадыресе фактылар көрсөтүлөт.
Ал эми ноябрь айында аталган класстык сааттарды өткөрүү жана видеосабактарды пайдалануунун методологиясын үйрөтүү үчүн мугалимдерге Ишеналы Арабаев атындагы университетте 14 вебинар уюштурулмакчы.