100 кыз балага 105 уул туура келет. Кыргызстанда кыздар аз төрөлүп жатат

Беш жылдык статистикага көз чаптыра турган болсок, эркек балдар жыл сайын 4 000ге көбүрөөк төрөлүп жатканы байкалат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстанда уул балдарга караганда кыз балдар азыраак төрөлөт. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлөт.
Ага ылайык, өлкөдө орто эсеп менен 100 кызга 105 эркек туура келет. Башкача айтканда, жылына жарыкка келген уул балдардын саны 4 000ге көп.
Ал эми 2021-жылдын январь-август айларында 101 617 бала төрөлгөн. Алардын жынысы тууралуу маалымат жыл соңунда берилери айтылды.