БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Коронавирус пандемиясын жеңүүгө бардык мүмкүнчүлүк бар, болгону аны адам баласы туура пайдаланбай жатат. Мындай пикирин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин РИА Новости жазды.
"Дүйнө эли качан пандемияны жыйынтыктайбыз деп чечим кабыл алган учурдан тарта аны акырындык менен жеңе баштасак болот. Адамдын колунда бардык мүмкүнчүлүктөр бар, бирок аларды туура колдонгонду билбей жатабыз”, — деди ал.
Гебрейесустун айтымында, ДССУнун негизги максаты — жылдын аягына чейин ар бир өлкө элинин жок дегенде 40 пайызын эмдеп бүтүшүнө шарт түзүп берүү. Ал үчүн жетекчи бул көрсөткүчкө жеткен мамлекеттердин башкаларга COVAX программасынын алкагында вакцина бөлүшүүгө чакырды.
Ошондой эле Гебрейесус пандемияны токтотуу үчүн ири компаниялар өзү иштеп чыккан вакцинаны интеллектуалдык менчиги катары эсептегенди токтотуп, аны өндүрүүгө көпчүлүккө мүмкүнчүлүк берүү керектигин айткан.
COVID-19 башталгандан бери дүйнө жүзүндө вирус жуктургандардын расмий саны 243,6 миллионго жетти. Алардын арасынан дээрлик 5 миллион киши каза болду. Эпидемиологиялык оор абалдагы өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ, Индия жана Бразилия турат.
Айрым өлкөлөрдө вирус кайрадан күч алгандыктан карантиндик чектөөлөрдү киргизүүгө айласыз болуп жатышат.