Шайлоодо үгүт иштерине аралашпагыла! Дин кызматкерлерине эскертүү берилди

Комиссиянын директору үгүт маалында диний уюмдун өкүлдөрүн катуу көзөмөлдөө боюнча тапшырмаларды берген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров диний кызматкерлерге алдыдагы парламенттик шайлоодо талапкерлердин үгүт иштерине катышпоону эскертти. Бул туурасында аталган комиссиянын маалымат кызматы билдирди. 
Президент: диний мекемеде иштеген жарандар шайлоого катыша албайт
Маалыматка ылайык, Абдыкаров жыйында дин жаатындагы мамлекеттик саясатка токтолуп, шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, дин кызматкерлери талапкерлердин үгүт иштерине байланыштуу иш-чараларга катыша албастыгын эскерткен. Ошондой эле бул жаатта катуу көзөмөлдөө боюнча тапшырмаларды бергени маалым болду.