Үлпөт тойдо мылтыктан ок аткан бала Ысык-Атадан табылды. Видео

Буга чейин соцтармакка той учурунда тамдын чатырына чыгып белгисиз үлгүдөгү куралдан асманга ок чыгарган баланын видеосу тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Үлпөт тойдо ок аткан баланын ким экени аныкталганын Чүй облустук ИИББ билдирди.
Буга чейин соцтармакка той учурунда тамдын чатырына чыгып белгисиз үлгүдөгү куралдан асманга ок чыгарган баланын видеосу тараган. Кадрдан короодо үлпөт тойго келгендер бийлеп жатканын көрүүгө болот.
Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 121-беренеси ("Эл жашаган жерде ок атуу") боюнча каттоого алынган.
Милиция окуя Ысык-Ата районуна караштуу Буденовка айылында болгонун аныктаган.
"Видеодогу бала 22 жаштагы М.И. экени белгилүү болду. Ал агасынын үлпөт тоюнда атасынын куралы менен эки ирет ок чыгарганын билдирди. Аны достору видеого тартып соцтармакка жарыялашкан", — дешти ОИИББден.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатат.