Бишкекте конкурс өтүп, троллейбустун мыкты айдоочусу аныкталды. Сүрөт

Мелдеш борбор калаанын троллейбустук ишканасынын Депо полигонунда уюштурулган. Ага 11 айдоочу катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы "Троллейбустун мыкты айдоочусу" сынагын өткөрдү.
1 / 4
Бишкек шаарынын мэриясы "Троллейбустун мыкты айдоочусу" сынагын өткөрдү
2 / 4
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, "Троллейбустун мыкты айдоочусу наамы" үчүн 11 айдоочу ат салышкан
3 / 4
Мелдештер борбор калаанын троллейбустук ишканасынын Депо полигонунда уюштурулган
4 / 4
Мэрия бул сыяктуу иш-чаралар туруктуу негизде бардык транспорттук ишканаларда өткөрүлүп турарын убадалады.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, "Троллейбустун мыкты айдоочусу наамы" үчүн 11 айдоочу ат салышкан. Мелдештер борбор калаанын троллейбустук ишканасынын Депо полигонунда уюштурулган.
Бишкекте алп жаныбарлар менен заманбап техника көрсөтүлдү. Видео
Конкурстун биринчи этабында айдоочулар жол эрежеси, кызматтык нускамалар жана троллейбустун техникалык түзүлүштөрү боюнча экзамен берген. Ал эми экинчи этапка сыноону ийгиликтүү тапшыргандар өткөн. Алар тоскоолдуктар тилкеси менен жүрүп, троллейбус башкаруу чеберчилигин көрсөткөн.
Натыйжада №14 каттамдын айдоочусу Фархад Жаныбек уулу жеңүүчү болду. Ал эми экинчи орунду №11 каттамда иштеген Кубаныч Байматов алса, үчүнчү мыкты айдоочу наамына №7 каттамдагы Атай Огонбаев арзыды.
Мэрия бул сыяктуу иш-чаралар туруктуу негизде бардык транспорттук ишканаларда өткөрүлүп турарын убадалады.