БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Азербайжандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда эки тараптуу мамиленин актуалдуу маселелери талкууланган.
"Мамлекет башчы Азербайжан Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин жана өлкөлөр ортосундагы мамиле жалпы тарых, маданият, тил, руханий жана диний баалуулуктардан келип чыккан бекем достук жана бир туугандыкка негизделгенин белгиледи", — деп жазылган маалыматта.
Жапаров Оруджевге жана анын жакындарына чың ден соолук, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, ошондой эле Азербайжан президенти Ильхам Алиевге салам жолдоону өтүнгөн.
Оруджев Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтык мындан ары да тереңдеп жана кеңейе турганына ишенимин билдирди.
Белгилей кетсек, дипломат Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси болуп 2012-жылдан бери иштеп келе жаткан.