Бизнесмендерге жардам берчү Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы бекиди

Үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда президент Садыр Жапаровдун бизнес-коомчулук менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы бекитилди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлап, жаңы курамдын тизмесин президенттин расмий сайтына жарыялады.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун бизнес-коомчулук менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлгөн.
Россия менен АКШда окуган. Экономика министринин жаңы орун басары дайындалды
Максаты — мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилердин ишин коргоо.
Аталган кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, бизнес-коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирди.