Айбаттуу жырткычтын бул бейбаштыгы парктын жумушчуларынын ишине жана башка аллигаторлордун куут маалына тоскоолдук жараткан. Абалдан чыгуунун бир гана жолу – аны өзүнчө бөлүп кармоо эле.
Тогуз кишиден турган команда Каньени атайын замбилге салып, 350 килограммдык жырткычты обочолонгон көлмөгө алып келип коё беришти. Парктагылар аны бул жерде эки ай жүргөндөн кийин бир аз жоошуп калат деп үмүт артышууда.