АКШ дүйнөнү 2040-жылы куралдуу ири кагылышуулар күтүп турганын божомолдоодо

Тиреш 11 мамлекеттин ортосунда өзгөчө курч болору божомолдонууда. Кеп өзөктүк куралы бар Кытай, Индия, Пакистан, Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөр тууралуу болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы жарыялаган докладда 2040-жылы планетада климаттын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу ири аскердик тирешүүлөр башталары божомолдонот. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Климаттык абал жылдан-жылга начарлап бара жатат. Мындан улам ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын коргоо максатында аракеттерди көрүүдө. Мисалы, ар кайсы өлкөлөр ресурс алуу үчүн кесепети кургакчылыкка же тетирисинче, суу ташкындарына алып келчү геоинженериялык технологияларды пайдалана баштайт. Мунун айынан "климаттык кагылышуулар" башталат. Кытай менен Индия температура көтөрүлчү аймактарды аныктоо боюнча чечүүчү роль ойнойт", — деп айтылат докладда.
НАТОнун Steadfast Noon 2021 машыгуусунун сырлары. Максаты эмне?
Ошондой эле докладдын авторлору климаттык өзгөрүүлөргө көнүп кетүүгө бардык эле мамлекеттер даяр болбогондуктан айрым өлкөлөрдүн ортосундагы пикир келишпестиктер күчөгөндөн күчөй берерин айтышат.
Серепчилер "климаттык кагылышуулар" 11 мамлекеттин ортосунда өзгөчө курч болорун божомолдоодо. Кеп өзөктүк куралы бар Кытай, Индия, Пакистан, Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөр тууралуу болуп жатат.