Тажикстанда ЖККУнун аскердик машыгуусу аяктады. Видео

Аскерлер чек арадагы куралдуу жаңжалды басууга даярдык көрүү жана биргеликте операция жүргүзүү тапшырмаларын аткарышты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Тажикстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун "Бузулгус бир туугандык — 2021" машыгуулары аяктады.
Россиянын Борбордук аскердик округунун кол башчысы Александар Лепин аскерлердин тактикалык машыгуусу ЖККУга мүчө-мамлекеттерди ар кандай террордук коркунучтардан коргоого багытталганын айтканын RT жазды.
"ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн Тажикстандагы масштабдуу машыгуусу Афганистанда курчуп кеткен кырдаалга жооп берүүчү маанилүү кадам болду", — деди Лапин.
Россия Тажикстандагы аскер базасынын согуштук машиналар паркын жаңылайт
Бул машыгуунун өзгөчөлүгү чалгындоонун жаңы каражаттарын колдонуу, радиоэлектрондук күрөш, байланыш, материалдык-техникалык жана медициналык жактан камсыздоо болду. Мисалы, "Издөө — 2021" машыгуусунда коркунучтарды алдын ала билүүгө жана кол салуу аракетине сокку берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздаган эффективдүү чалгындоону башкаруу системасы пайдаланылган.
ЖККУнун жааматтык күчтөрү чек арадагы куралдуу жаңжалды басууга даярдык көрүү жана биргеликте операция жүргүзүү тапшырмаларын аткарышты.