Суусамырдагы жол кырсыгынан эки адам мерт болуп, 10 киши жабыркады. Сүрөт

Окуя 24-октябрга караган түнү болгон. Жабыркаган 10 адамдын бирөө жаш бала экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 145-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Toyota Estima менен Toyota Camry үлгүлөрүндөгү автоунаалар кагышып, эки адам каза болду. Бул туурасында ӨКМ билдирди.
1 / 2
Бишкек — Ош унаа жолунун 145-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Toyota Estima менен Toyota Camry үлгүлөрүндөгү автоунаалар кагышып, эки адам каза болду
2 / 2
Окуя 24-октябрга караган түнү болгон
Окуя 24-октябрга караган түнү болгон.
Бишкек: мас айдоочу сүзгөн жолчу ошол жерден көз жумду. Сүрөт
Кырсыктын кесепетинен жеринде эки эркек адам мерт болуп, 10 киши жабыркаган. Анын бешөө эркек, төртөө аял жана бир кичинекей кыз экени айтылды.
ӨКМден барган беш куткаруучу каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркагандар Тез жардам кызматы жана жолдо бараткан машиналар аркылуу Кара-Балта шаардык ооруканасына жеткирилген.