Россия Тажикстандагы аскер базасынын согуштук машиналар паркын жаңылайт

Учурда Россиянын коңшу өлкөдөгү базасын заманбап үлгүдөгү аскердик жана атайын техника менен камсыздоо аракеттери жүрүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Россия Тажикстандагы 201-аскер базасынын согуштук машиналар паркын жаңылоо үчүн Т-72Б3М үлгүсүндөгү 30 танк алып келет. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Аталган техниканы жыл соңуна чейин алып келүү пландалууда.
Россиянын биригүү штабынын жетекчиси Евгений Охрименко учурда Тажикстандагы аскер базасын заманбап үлгүдөгү аскердик жана атайын техника менен камсыздоо процесси жүрүп жатканын билдирген.
Ташиев: Россия менен Түркиядан пилотсуз учуучу аппараттарды алып жатабыз
Ал жакында эле 201-аскер базасына заманбап модификациядагы БМП-2 согуштук машиналардын, алыска жетүүчү огнемет жана жылып жүрүүчү "Верба" зениттик-ракеталык системаларынын жаңы партиясы жеткирилгенин белгиледи. Андан тышкары, "Корнет" танкасына каршы ракеталык комплекси, АСВК-М жана "Корд" үлгүсүндөгү 12,7 миллиметр калибрдеги снайпердик мылтыктарды, АК-12 автоматтарын, "Линза" сооттолгон санитардык автоунаалары алынганын кошумчалады.
Аталган техника Тажикстанда өткөн машыгуу учурунда Россиянын аскерлери тарабынан сыноодон өткөн.